Примерное время чтения: 11 минут
190

День чистоты: на субботник могут выйти более 650 тысяч кыргызстанцев

С 2022 года в Кыргызстане действует указ президента Садыра Жапарова о введении национального Дня чистоты, который отмечается осенью и весной. Как и в прошлом году, осенний общереспубликанский субботник состоится 16 сентября, во Всемирный день чистоты, когда 190 стран мира объединяют свои усилия по очистке загрязненных территорий от мусора.

Масштабная экоакция пройдет при организации Общественного фонда «Эко Деми» и при поддержке партнеров мероприятия.

Стать волонтером может каждый – для этого не обязательно выходить на уборку крупных локаций, можно облагородить прилегающие к дому участки, собрать мусор в ближайшем сквере или на соседней улице. Главная цель – привлечь внимание к экологической ситуации и сделать страну чистой и пригодной для жизни будущих поколений. Для этого нужны системные изменения и сотни тысяч неравнодушных граждан с рациональным подходом к использованию природных ресурсов и бережным отношением к окружающей среде.

«Мы ожидаем, что в этом году к акции присоединятся не менее 650 тысяч человек по всей стране. Но надеемся, что волонтеров будет больше, и Кыргызстан вновь займет первое место по числу участников среди 190 стран мира. Всемирный день чистоты – это история о том, как общество мобилизуется для того, чтобы сделать планету чище. Даже если вы не выходите на субботник в составе большой группы, можно сделать личный вклад в общее дело: найдите самое грязное место, сфотографируйте его, соберите и взвесьте мусор и выложите фото «до» и «после» в соцсети с отметкой «Эко Деми». В рамках акции также будет объявлен конкурс на самое чистое село. Победителю вручим пресс для подготовки к транспортировке или переработке ПЭТ. Это очень хороший подарок, ведь мусор – ценный ресурс. Кроме того, в течение года среди участников наших экологических акций будут проводиться конкурсы с призами, а самые активные волонтеры получат возможность пройти тренинги по сохранению экологии и обращению с отходами и принять участие в «Чистых играх» в Сочи, партнером которых является «Эко Деми». Присоединяйтесь к нашей инициативе. Давайте вместе сделаем Кыргызстан чистым!», - призывает Айжан Чыныбаева, глава ОФ «Эко Деми», посол Всемирного дня чистоты.

День чистоты – один из успешных примеров объединения усилий государства, бизнеса и гражданского сектора. Государство поддерживает инициативы активистов – в этом году на общереспубликанский субботник выйдут первые лица страны и представители всех госструктур. Не оставляют без внимания проблему мусора международный сектор и бизнес, которые активно участвуют в экологических акциях.

«С гордостью хочу сказать, что благодаря нашим акционерам у нас есть возможность участвовать в благотворительных акциях и брать проекты, близкие сердцу. Сегодня экология – главный вопрос в любом деле. Мы стремимся к тому, чтобы 50% всех поддерживаемых нами проектов были «зелеными» и на этапе рассмотрения оцениваем их влияние на окружающую среду по ряду критериев. Как и в прошлые годы, наша команда с удовольствием примет участие в предстоящем Всемирном дне чистоты. Надеюсь, что скоро для каждого человека будет в порядке вещей убирать за собой мусор, и мы будем просто поддерживать чистоту и заниматься озеленением», - говорит Айтен Рустамова, региональный директор Европейского банка реконструкции и развития в Кыргызской Республике, Таджикистане и Туркменистане.

В числе других партнеров экологической акции выступает «Бакай Банк». В этом году Банк отмечает свое 25-летие и реализует различные проекты, посвященные юбилейной дате, в их числе – поддержка экологических инициатив.

«Будучи социально ответственной компанией, «Бакай Банк» реализует целую программу по поддержке экологии. В этом году в рамках проекта «1 сотрудник = 1 дерево» мы посадили саженцы во всех регионах страны. Также наши сотрудники приняли участие в мероприятии по очистке дна озера Иссык-Куль, которое состоялось в прошедшие выходные. Кроме того, наши усилия направлены на решение актуальной проблемы со смогом. Совместно с партнерами мы выдаем беспроцентную рассрочку на установку газовых котлов, финансируем покупку электромобилей и другого экотранспорта», - отмечает Айдай Мураталиева, начальник управления маркетинга и развития бизнеса «Бакай Банка».

Как поясняют в «Эко Деми», одна из важнейших задач сегодня научить людей собирать, сортировать и сдавать мусор в специализированные пункты. При поддержке партнеров экоактивисты планируют открыть в Бишкеке два современных мусоросортировочных пункта. Кроме того, для мусороперерабатывающих компаний будут проводиться тренинги по взаимодействию и работе с населением. И это тот самый системный подход к решению проблемы ТБО и сохранению природных ресурсов, который позволит сделать Кыргызстан чище и зеленее.

Усилия ОФ «Эко Деми» в области сохранения окружающей среды поддерживают: Общественная инициатива ЕБРР, ОАО «Бакай Банк», «Халык Банк», «Демир Банк», Ассоциация переработчиков ТБО, ОсОО «Кыргыз Энергостроймонтаж», KYRGYZ ENERGY, ALMAZ Eco, Enactus Kyrgyzstan, Американский университет в Центральной Азии, Инновационный колледж АУЦА, «Шоро», ОсОО «Экооператор», TREVI KO, Coca-Cola, ОсОО «Талисман Виллидж», ОсОО «Дизайн Бюро Плюс», Ассоциация женщин в энергетике Кыргызстана.


Тазалык күнү: Массалык ишембиликке 650 миңден ашык кыргызстандык чыгышы мүмкүн

2022-жылдан тартып Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун  "Улуттук тазалык күнүн киргизүү жөнүндө" жарлыгы иштейт жана ал күн күзүндө жана жазында белгиленет. Өткөн жылдагыдай эле, быйылкы күзгү жалпы республикалык ишембилик 16-сентябрда, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө өткөрүлөт, анда дүйнөнүн 190 мамлекети булганган аймактарды таштандылардан тазалоо боюнча өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирет.

Акцияга ар бир жаран ыктыярчы боло алат – бул үчүн сөзсүз эле чоң аймактарды тазалоого чыгуунун кереги жок, болгону үйгө жакын аймактарды тазалап көрктөндүрүү, жакынкы гүлбактан же кошуна көчөдөн таштандыларды чогултуу жетиштүү. Мында башкы максат – экологиялык кырдаалга элдин көңүлүн бурдуруу жана өлкөнү тазартуу жана болочок муундар үчүн жашоого жарактуу абалда сактоо болуп саналат. Бул үчүн системалык өзгөрүүлөр, кайдыгер эмес жүз миңдеген жарандардын табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануусу жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоосу керек.

«Биз быйыл бул акцияга бүткүл өлкө боюнча 650 миңден кем эмес адам чыгат деп күтүп жатабыз. Ыктыярчылар дагы көбүрөөк болуп, катышуучулардын саны боюнча 190 мамлекетинин арасынан Кыргызстан кайрадан биринчи орунду ээлейт деп үмүттөнөбүз. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү – планетаны тазартуу үчүн коом кантип мобилизация болгону жөнүндөгү эң мыкты окуя. Атүгүл сиз чоң топтун курамында ишембиликке чыкпасаңыз да жалпы ишке жеке салым кошо аласыз: ал үчүн эң булганыч жерди таап, сүрөткө тартып, таштандысын чогултуңуз жана ал жердин ошого «чейинки» жана «кийинки» фото сүрөтүн «Эко Демин» белгилеп, соцтармактарга жарыялаңыз. Бул акциянын алкагында «эң таза айыл» кароо-сынагы да жарыяланат. Жеңүүчүгө ПЭТ (пластик) ташууга же кайра иштетүүгө даярдоочу пресс жабдуусун тапшырабыз. Бул абдан сонун белек, анткени таштанды - баалуу ресурс. Мындан тышкары, экологиялык акциянын катышуучулары арасында жыл бою байгелүү кароо-сынактар өткөрүлөт, ал эми эң активдүү ыктыярчылар экологияны сактоо жана таштандыны башкаруу боюнча тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана «Эко Деми» өнөктөш болуп саналган жана Сочиде өтө турган «Таза оюндарга» катыша алат. Биздин демилгеге кошулгула. Келгиле, баарыбыз биргеликте Кыргызстанды тазартабыз!», - деп «Эко Деми» коомдук фондунун башчысы, Дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева чакырык таштады.

Тазалык күнү – мамлекет, бизнес жана жарандык сектордун күч-аракетин бириктирген ийгиликтүү мисалдардын бири. Мамлекет активисттердин демилгесин колдойт – быйыл жалпы республикалык ишембиликке өлкө жетекчилери жана бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү чыгат. Экологиялык акцияга активдүү катышып жаткан эл аралык сектор жана бизнес тармагы да таштанды көйгөйүн көңүлдөн тышкары калтырбайт.

«Биздин акционерлердин колдоосунда бизде кайрымдуулук акцияларга катышууга жана жүрөккө жакын долбоорлорду колго алууга мүмкүнчүлүк болгонун сыймыктануу менен айткым келет. Биз колдоо көрсөткөн долбоорлордун 50% «жашыл» болушуна умтулабыз жана кароо баскычында алардын бир катар критерийлер боюнча курчап турган чөйрөгө таасирин баалайбыз. Биздин курам алдыда турган Дүйнөлүк тазалык күнүнө өткөн жылдагыдай эле кубануу менен катышат. Жакында ар бир адам үчүн өз таштандысын тазалоо жакшы адат болуп калат деп үмүттөнөбүз жана биз дагы тазалыкты сактоону колдойбуз жана көрктөндүрүү иштерин аткарабыз», - дейт Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы аймактык директору Айтен Рустамова.

Экологиялык акциянын башка өнөктөштүрүнүн катарында «Бакай Банк» бар. Быйыл Банк өзүнүн 25 жылдыгын белгилейт жана мааракелик датага арналган ар түрдүү долбоорлорду жүзөгө ашырууда, анын ичинде экологиялык демилгелерге да колдоо көрсөтүп жатат.

«Бакай Банк» социалдык жоопкерчиликтүү компания катары экологияны колдоо боюнча бүтүндөй программаны ишке ашырууда. Быйыл «1 кызматкер = 1 дарак» долбоорунун алкагында бардык өлкө аймактарында көчөттөр отургузулду. Ошондой эле, биздин кызматкерлер өткөн дем алыш күндөрү болгон Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча иш-чараларга катышты. Мындан тышкары, биздин күч-аракеттер өтө курч смог көйгөйүн чечүүгө дагы багытталган. Биз өнөктөштөр менен биргеликте газ от казандарын орнотуу үчүн пайызсыз бөлүп төлөөгө каражат беребиз, электромобилдерди жана башка экотранспортторду сатып алууну каржылайбыз», - дейт «Бакай Банк» ААК маркетинг жана бизнести өнүктүрүү башкармасынын башчысы Айдай Мураталиева. 

Ошондой эле, биздин кызматкерлер өткөн дем алыш күндөрү болгон Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча иш-чараларга катышты.

«Эко Деми» КФ түшүндүргөндөй, таштандыны жыйноого, сорттоого жана адистешкен пункттарга тапшырууга адамдарды үйрөтүү - бүгүнкү күндүн эң маанилүү милдеттеринин бири. Экоактивисттер өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкек шаарында заманбап таштанды сорттоочу эки пункт ачууну пландап жатат. Мындан тышкары, таштандыны кайра иштетүүчү компаниялар үчүн бирге аракеттенүү жана калк менен иштешүү боюнча тренингдер өткөрүлөт. Бул Кыргызстанды мындан да көбүрөөк таза жана жашыл кылууга мүмкүндүк бере турган катуу тиричилик таштандылар көйгөйүн чечүүнүн жана табигый ресурстарды сактоонун бирден бир системалуу ыкмасы болуп саналат.

«Эко Деми» КФ курчап турган чөйрөнү сактоо жаатындагы күч-аракетин колдогондор: ЕРӨБ коомдук демилгеси, «Бакай Банк» ААК, «Халык Банк» ААК, «Демир Банк» ЖАК, КТТ кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы, «Кыргыз Энергостроймонтаж» ЖЧК, KYRGYZ ENERGY, ALMAZ Eco, Enactus Kyrgyzstan, Борбордук Азиядагы Америка университети, БААУ инновациялык колледжи, «Шоро», «Экооператор» ЖЧК, TREVI KO, Coca-Cola, «Талисман Виллидж» ЖЧК, «Дизайн Бюро Плюс» ЖЧК, Кыргызстандын энергетикасындагы аялдар ассоциациясы.

Оцените материал
Оставить комментарий (0)